ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

КУЛАКТАНДЫРУУ!

🚩 Ош шаарынын мэриясы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата “Мамлекеттик тилди даңазалаган мыкты ураан” сынагын жарыялайт.
✏️ Сынакка Ош шаарындагы акындар, жазуучулар, жаш таланттар жана чыгармачылык өнөрү бар бардык жарандар катыша алышат.
🔸 Сынактын шарттары:
➱ Мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптары же кара сөз түрүндөгү текст автордун өзүнө таандык болушу шарт. Которулган жана плагиат сөздөр кабыл алынбайт жана сынакка кароого коюлбайт.
➱ Ыр түрүндө жазылган текст мамлекеттик тилди даңазалаган, позитивдүү маанайды тартуулган, патриоттук сезимди ойготкон маанини берип, 3 куплеттен ашпоого тийиш.
➱ Кара сөз түрүндөгү жазылган чакырык кыска, так жана маанайды көтөргөн, патриоттук сезимди ойготкон, мамлекеттик тилди сүйүүгө чакырган мааниде болуп, 3 сүйлөмдөн ашпоосу керек.
➱ Сынактын катышуучулары мурда жазылып, көмүскөдө турган же жаңы даярдаган өздөрүнүн 3төн ашпаган лозунг үчүн ылайыкташтырылган текстин сунуштай алышат.
Сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү:
📌Мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптарын же кара сөз түрүндө даярдалган текстти 2024-жылдын 1-сентябрына чейин mamtil.oshmeriya@gmail.ru электрондук почтасына же 0558 888 929 номерине телеграмм аркылуу “Мамлекеттик тилди даңазалаган мыкты ураан” сынагына катыша тургандыгын белгилеп жөнөтүү керек.
☎️ Маалымат алуу үчүн: 0558 888 929. @oshmeriya

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео