ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында зордук-зомбулук, радикалдуу экстремизмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү коомчулуктун дарамети жана маалымдуулугу жогорулады

Ош шаарында “Жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана зомбулук, радикалдуу экстремизмдин алдын алууда алардын туруктуулугун жогорулатуу” биргелешкен долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, «Аялзат» аялдардын демилгелүү борборунун өкүлдөрү, социалдык кызматтардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.
🔸 Долбоор Ош шаарынын «Жибек Жолу» МАБында ишке ашырылып, анын максаты төрт коомдук консультациялык түйүндөрдүн (ККТ) зордук-зомбулук, экстремизмди алдын алуу боюнча дараметин жогорулатуу жана жергиликтүү тургундардан түзүлгөн үч максаттуу коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу болгон.
📍 Иш-чаранын алкагында калк менен коомдук консультациялык түйүндөрдүн ишинин жыйынтыктары боюнча презентациялар жана талкуулар болуп, анын ичинде түшүндүрүү иштери, консультацияларды берүү, пикир алмашуулар болду.
📎 Жыйынтыктоочу иш-чаранын алкагында жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барып, жергиликтүү калктын потенциалын жогорулатуу жана зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган саясатты институтташтыруу боюнча алдыга коюлган максаттарга жетишкендиги белгиленди

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео