ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Көп балалуу энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдары ыйгарылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон, наам ээлерин алган жогорку сыйлыктары менен куттуктады.

Белгилей кетсек, КР Президентинин жарлыгына ылайык, бүгүн “Баатыр эне” ордени менен 15, “Эне даңкы” медалы менен 11 эне сыйланды. Ал эми Ош шаарынын мэриясы тарабынан ар бир айымга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Маалымат үчүн: “Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Ал эми “Эне даңкы” медалы менен алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат. Наамды тиешелүү жобого ылайык алуу үчүн жаран катталган дареги боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылса болот.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео