ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана анын жоюунун эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Бабур атындагы театрда бүгүн Кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана анын жоюунун эл аралык күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чара «Адам сатууга каршы 100 күн» маалыматтык өнөктүгү алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарада чет өлкөгө жумуш издеп кетүүнү каалаган жарандар үчүн бош орундардын жарманкеси уюштурулуп, коопсуз миграция боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан маалыматтар берилди.

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров менен КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Курбаналиев коопсуз миграция тармагында ийгиликтүү иш алып барган мекеме-уюмдардын салымын белгилешип, Ардак грамота жана ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.

Ошондой эле, темага байланыштуу театрлаштырылган спектакль, концерттик программа тартууланып, волонтердук уюмдар тарабынан флешмобдор көрсөтүлдү.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео