ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында эки өнөр жай ишканасы ачылды

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматында «Алайкуу Органикс» ЖЧКсынын жаңы логистикалык борборунун, «Досмарко» ЖЧКсынын текстиль буюмдарын чыгаруучу ишканасынын ачылышы болду.

Белгилей кетсек, «Алайку Органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун кургатылган мөмө-жемиштерди сактоочу жана иштетүүчү 50 тонналык логистикалык борборунда 15 адис жумуш кылат.

“Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында 1 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу менен курулган «Досмарко» ЖЧК текстиль буюмдарын чыгаруучу ишкана 150 жумуш орунга ылайыкташтырылган. Ишканада суткасына 8 миңге жакын өндүрүм чыгарылып, коңшу мамлекеттерге экспорттолот.

 

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео