ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Быйыл ош шаарында 8745 окуучу мектеп босогосун биринчи жолу аттады

🔔 Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
🔔 Ошто билим күнүнө арналган иш-чаралар шаардагы бардык 69 мамлекеттик мектептерде өттү.
🎒 Быйылкы 2024-2025-окуу жылында Ош шаарында биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны 8745ке жетти, ошол эле учурда бала бакчаларга 2500дөн ашык бала кабыл алынды.
🔜 Кошумчалай кетсек, Ош шаарында быйыл жылдын аягына чейин 1825 орундуу жалпы 4 мектеп пайдаланууга берилет.
🔜 Алар: Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 625, Ирригатор көчөсүндө 275, Мээркан айылында 225 жана В.Терешкова атындагы (жатак) 700 орундуу мектептер.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео