ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Апас Жумагуловдун 90 жаш мааракеси белгиленди

🔸 Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын Баатыры”, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, илимпоз Апас Жумагуловдун 90 жылдыгына арналган “Кыргызстандын эгемен жолундагы Апас Джумагуловдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар” аттуу илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

🔸 Иш-чарага Апас Жумагулов жубайы менен, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, КР экс-премьер-министрлери Жантөрө Сатыбалдиев, Кубанычбек Жумалиев, профессорлор жана академиялык коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, студенттер катышты.

🔸 Конференциянын алкагында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүү мезгилиндеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн көрүлгөн тарыхый процесстер, Кыргызстандын эгемендике ээ болгондон баштап өнүгүү этаптары, негизги саясий окуялар талкууланды.

🔸 Ошондой эле, экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү реформалардын башаты, жүрүшү жана келечеги талданды.

🔖 Белгилей кетсек, Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекеси мамлекеттик иш-чаралардын катарына кирип, жер-жерлерде өткөрүлүп жатат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео