ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

✅ Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына 100 жыл – тарыхы жана азыркы учур” аталышындагы мыкты сүрөт, видеоролик жана баян боюнча сынак жарыялайт.

👉 Аталган сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат (жеке жактар же чыгармачыл жамааттар).

👇 Сынак төмөнкү номинациялар боюнча бааланат:

🎨  “Мыкты сүрөт”;

🎞  “Мыкты видеоролик”;

✍️  “Мыкты баян”;

👍 “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнүн сыйлыгы”.

🔖 Белгилей кетсек, сынактык иштер милдеттүү түрдө сынактык иштин автордук аталышы, автордун аты-жөнүн (чыгармачыл жамааттын аталышы), жашын көрсөтүү менен түшүндүрмө текстти (плакаттар үчүн) камтууга тийиш.

🔸 Сынактык иштер 2024-жылдын 1-октябрына чейин Ош шаарынын прокуратурасынын атайын түзүлгөн комиссиясы тарабынан кабыл алынат.

🔸 Жарым финалдын жыйынтыгы менен ар бир номинация боюнча 10 мыкты иш сынактын финалына чыгат.

🔸  “Мыкты сүрөт” номинациясы боюнча иштерди А3 форматындагы (297×420мм) кагазга карандаш же боек менен сүрөт тартып тапшыруу абзел. Ал эми “Мыкты баян” номинациясы боюнча А4 форматындагы кагазга мамлекеттик же расмий тилдерде (5 баракка чейин ) текст жазып, тапшыруу керек.

☝️ Эскертүү: Башка авторлордун тексттерин, видео-аудио материалдарын (плагиат) пайдаланууга жол берилбейт.

🎁 Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышат.

🔸  Сынактын катышуучулары 0220 20 05 05, 0778 74 25 52 телефон номурлары аркылуу толук маалымат алышса болот.

🔸  Сынакка катышууну каалагандар, жогоруда белгиленген талаптарга ылайык катталуусу зарыл.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео