ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында 18-20-сентябрь күндөрү жарандык коргонуу боюнча машыгуулар өтөт

🔸 “Жарандык коргонуунун 2024-жылга даярдык планынын” негизинде Жарандык коргонуу тутумдарынын абалын баалоо жана текшерүү талаптарына ылайык ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясы биргеликте 18-сентябрдан тарта 20-сентябрга чейин атайын машыгууларды өткөрүшөт.

Буга байланыштуу бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун, Өзгөчө Кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги астында, жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин катышуусунда Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ар бир мекеменин аткара турган иш-аракеттери боюнча штабдык отурум өттү.

Андан кийин, борбордук аянтта ыкчам топтордун машыгууга болгон даярдыктары текшерилди.

Белгилей кетсек, машыгууларда жарандык коргоого кирген кызматтарга жер титирөө катталган учурларда абалды тактоо, жабыркагандарды издөө, куткаруу, жарандарды эвакуациялоо жана жайгаштыруу, алгачкы жардамдарды көрсөтүү, коммуналдык-энергетикалык, транспорттук тутумдарды калыбына келтирүү, өзгөчө кырдаал шартында өзүнүн кызмат орду боюнча милдеттерди иш жүзүндө кечиктирилгис аткаруу менен билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүүгө шарт түзүлөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео