ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында ишкерлер күнү белгиленди

Бүгүн, 20-сентябрда, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнүнө арналган сыйлоо аземи болуп өттү.

Сыйлоо аземине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев катышып, жеке демилгеси менен аракеттенип, жашоонун түрдүү чөйрөлөрүндө эмгектенип келе жаткан бардык ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле шаардын экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерлерди жана ишкана, компанияларды Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.

Жыл сайын 20-сентябрда Республикада ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет. Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-октябрдагы токтому менен аныкталган.

 

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео