ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн Сармерден таймашы жыйынтыкталды

🇰🇬🇰🇬 Ош шаарында бүгүн, 23-сентябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулган Сармерден таймашында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана КР Коргоо министрлигинин түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын курамы финалга өтүп, күч сынашты.
🔸 Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаар тургундары, билим берүү мекемелеринин жамааттары, аскер кызматкерлери катышты.
🔸 Сармерден сынагынын талаптарына ылайык эки команда өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жеңүүчү деп табылды.
📍 Соңунда мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн жеке тараптар, мелдештин жеңүүчүлөрү жана катышуучуларына Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео