ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, Бабур театрында Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Иш-чарага КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эскперти Камчыбек Досматов, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанбаев, КР Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун төрагасы Бахтияр Алиев, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Джумадилде уулу Мурадил, социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери катышты.

Мэрдин орун басары Замир Юсупов ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланып, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Ошондой эле айрым кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан социалдык коргоонун отличниги наамы менен төш белги ыйгарылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео