ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында жугуштуу ооруларга көзөмөл күчөтүлөт

Ош шаарынын мэриясына караштуу Эпидемияга жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссиясынын отуруму өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышты.

Күн тартибинде кутурма, күйдүргү, эхинококкоз, альвеококкоз, бруцеллез сыяктуу жугуштуу ооруларын алдын алуу максатында мал союлуучу жана сатылуучу жайларда ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы боюнча маселелер каралды. Ошондой эле, аталган жайларда эпизоотикалык жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйынтыгында жугуштуу ооруларга каршы ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү мекеме, кызматтардын жетекчилерине тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.

Ошондой эле, мамлекеттик жана жеке ветеринардык адистерге, малчыларга аталган жугуштуу оорулардын алдын алуу жана коргоо чаралары боюнча окууларды өткөрүү, мыйзамда каралган талаптарга ылайык, мал союлуучу жайларда капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү тапшырылды. @oshmeriya

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео