ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын 4 спортчусу Таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубокто чемпион болушту

2-8-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубок өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамында Ош шаарынан 13 спортчу катышып, алардын ичинен 4 спортчу алтын медаль, 3 спортчу күмүш медаль дагы 2 спортчу коло медаль тагынышты.

Мындан тышкары, үч спортчу курама командасынын курамында командалык спаррингдерде 2-орунду ээлешти.

Чемпионатка жалпы жонунан 34 өлкөдөн 1200гө жакын спортчу катышкан.

Мелдештер ар кандай категориялар жана спаррингдер боюнча өткөрүлдү.

Кыргыз курама командасы жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Ош шаарынан медаль жеңип алган спортчулар:

1-орун

– Азимов Адиль (35 кг чейин, 10-11 жаш);

– Карашев Кудайназар (50 кг чейин, 12-13 жаш);

– Муйдинов Ясин (35 кг чейин, 12-13 жаш);

– Калибекова Каныкей (46 кг чейин, 16-17 жаш);

2-орун

– Эрмаматов Умарали (45 кг чейин, 12-13 жаш);

– Джамалова Сафина (38+ кг, 8-9 жаш);

– Курманбекова Нагима (55 кг чейин, 14-15 жаш);

3-орун

– Тургуналиева Аймина (46 кг чейин, 16-17 жаш);

– Абдисаламов Алихан (40 кг чейин, 12-13 жаш).

Командалык спаррингдерде:

2-орун

– Базанова Медина жанаТургуналиева Аймина (16-17 жаш);

– Карашев Кудайназар (12-13 жаш).

Аталган Кубокто Ош шаарынын машыктыруучусу Фаррух Садыков калыстык кылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео