ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, сунуш, кайрылууларын укту.

Кабыл алууга мэриянын аппаратынын өкүлдөрү жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жарандар негизинен жылуулук, материалдык жардам көрсөтүү, жер, ипотекалык шартта турак жай алуу, мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, тамактануучу жайлардын санитардык абалы, жаңыдан курулуп жаткан базардан орун алуу маселелери менен кайрылышты.

Шаар башчысы ар бир жарандын кайрылуусуна толук жооп берип, суроо-талаптар боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео