ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында бүткүл дүйнөлүк психологдор күнү белгиленди

Бүгүн 22-ноябрь, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунда Бүткүл дүйнөлүк психологдор күнүнө карата иш-чара өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, психология тармагында эмгектенген адистерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары, Ардак грамотасы менен сыйлады.
Иш-чаранын алкагында “Психологдордун бүгүнкү күндөгү орду” аталышындагы презентация тартууланып, психикалык саламаттыктын маанилүүлүгү тууралуу кыскача видеотасма көрсөтүлдү.
Ошондой эле, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, психологиялык көйгөйү бар балдарга кам көрүү, жардам берүү, пробация боюнча маселелер талкууланып, муниципалдык аймактык башкармалыктар, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте алып барылган иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилди.
Мындан сырткары катышуучулар арасында нейро-көнүгүүлөр аткарылып, психологиялык трансформациялык оюндар өткөрүлдү.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео