ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында боордош Санкт-Петербург шаарынын күндөрү башталды

Бүгүн, 28-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегация өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында 20 жылдык боордоштук мамилелердин маанилүүлүгү белгиленип, маданият, билим берүү, экономика, туризм, санариптештирүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жыл сайын өтүүчү «Алые паруса» майрамдык иш-чарасына Ош шаарындагы бүтүрүүчү класстардын эң мыкты окуучуларын катышуусу сунушталды.

Соңунда Санкт-Петербург шаары менен Ош шаарынын ортосундагы 2024-2028-жылдарга карата соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий чөйрөдөгү кызматташтык боюнча программасына кол коюлду.

Аталган программада транспорт, коммуналдык кызмат, санариптештирүү, социалдык саясат, саламаттыкты сактоо, маданият, илим, билим берүү, жаштар саясаты, спорт, туризм жана башка багыттардагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү каралган.

Белгилей кетсек, Ош шаарында Санкт-Петербургдун күндөрү өтүүдө. Анын алкагында эртең да бир катар маданий иш-чаралар өтөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео