ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында “Бис-Квит” камердик оркестринин концерти жогорку денгээлде өттү

Бүгүн, Бабур атындагы театрда Санкт-Петербургдун «Бис-Квит» камердик оркестри тарабынан «НЕВА ОБОНДОРУ» аталышындагы концерттик программа тартууланды.

Аталган концертке Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегациянын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын башталышында Ленинград блокадачыларына арналган көргөзмө уюштурулду.

Концерттик программанын жүрүшүндө коноктор үчүн музыкалык топтун аткаруусунда ар кандай жанрларды камтыган обондор жана кыргыз композиторлорунун бир нече чыгармалары жаңырды.

Концерт жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн алкыштарына татыды.

Соңунда оркестрдин көркөм жетекчисине, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетине, көргөзмөнүн уюштуруучуларына Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, оркестрдин репертуарында заманбап өңүттөгү 450дөн ашуун автордук чыгармалары бар. 2011-жылы Орусия өкмөтү оркестрге Орусияда жана чет өлкөлөрдө чоң ийгиликке жетишкендиги үчүн “Дүйнөдөгү орус маданиятынын элчиси” наамын ыйгарган.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео