ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу! Ош шаарында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүлөт!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди 4-декабрь күнү саат 15:00дө өтүүчү Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча чогулуштарга чакырабыз!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен 2024-жылдын 20-декабрына дайындалган Бишкек шаарында өтүүчү III Элдик Курултайга Ош шаарынан делегаттарды шайлоону уюштуруу максатында кабыл алынган Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 5 “Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө” токтому менен бекитилген чогулуштар графикке ылайык, төмөндөгү даректерде өткөрүлөт:
– Алымбек-Датка МАБындагы № 26 Т. Сатылганов атындагы орто мектеби;
– Сулайман-Тоо МАБындагы № 9 Рудаки атындагы мектеп-гимназиясы;
– Керме-Тоо МАБындагы № 20 И.Раззаков атындагы мектеп-гимназиясы;
– Жибек-Жолу МАБындагы № 47 орто мектеби;
– Манас-Ата МАБындагы № 38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясы;
– Курманжан-Датка МАБындагы № 18 А.Навои атындагы мектеп-лицейи:
– Жапалак ААБы, Жапалак маданият үйү;
– Кызыл-Кыштак ААБы, Кызыл-Кыштак ААБнын жыйындар залы;
– Төлөйкөн ААБы, № 21 А.С. Пушкин атындагы мектеп-гимназиясы
Кошумча маалымат үчүн Ош шаарынын мэриясына (03222) 5 58 45, 5 50 40 байланыш телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео