ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Элдик Курултайдын делегаттары оштогу бир катар социалдык объектилер менен таанышышты

Бүгүн, 12-декабрда III Элдик курултайдын делегаттары Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилери менен биргеликте Ош шаарында бир жыл ичинде курулган социалдык объектилерди көрүп чыгышты.

Делегаттар жакында ачылган Мээркан айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы жаңы мектеп, шаардык клиникалык оорукананын жаңы курулуп жаткан дарылоо-диагностикалык борбору жана жогорку технологиялык жабдыктары бар 300 орундуу кошумча медициналык корпус менен таанышышты.

Мындан тышкары, муниципалдык ипотекалык программанын негизинде Краснофлотская көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушун, “Боорукердик” үй-интернатынын жаңы имаратын, муниципалдык күрөш залы жана оңдоп-түзөлгөн стадионду көрүштү.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео