ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жеке менчикке өтүп кеткен бир катар социалдык мекемелердин жерлери муниципалдык менчикке кайтарылды

Ош облустук жана Ош шаардык сотторунун чечимдери менен № 19 Шевченко, Т. Сатылганов атындагы мектептеринин, № 18 жана “Айданек” бала бакчаларынын жеке менчикке өтүп кеткен жерлери муниципалдык менчикке кайтарылды.

Ошондой эле, № 6 Макаренко атындагы орто мектептин аймагына мыйзамсыз курулган эки кабаттуу курулушту (Капитал банк) өз эсебинен буздуруу жана жер тилкени мурунку калыбына келтирүү жөнүндө Ош шаардык сотунун чечими чыкты.

Мындан сырткары, борбордук оорукананын жеке менчикке өтүп кеткен имараты жана жер тилкеси муниципалдык баланска кайтарылып берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык мекемелердин аймагына курулуп калган же жеке жактарга сатылып кеткен курулуштар мыйзам алкагында каралып, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ош облустук жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын, башка тиешелүү кызматтардын көмөк көрсөтүүсү менен кайтарылып алынды. Мыйзамсыз жеке менчикке алынган жерлерди кайтаруу боюнча иш-аракеттер мында ары дагы алып барылат. @oshmeriya

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео