
Ош шаарында Ленинграддын блокададан бошотулгандыгынын 82 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын, Орусия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле мектеп окуучулары катышты.