ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Мал сарай болуп турган жердин ордуна жаңы эс алуу жайы курулуп, пайдаланууга берилди

🔸 Ош шаарында Г. Давыдов көчөсүндө (Шейит-Дөбө аймагы) жаңыдан курулган аллеянын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, жергиликтүү тургундар катышып, аллеяны бирге көрүп чыгышты.
🌳 Жаңы аллея шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттары менен заманбап талаптарга ылайык курулган. Буга чейин Ош шаарынын мэри таңкы рейддин алкагында бул аймакты кыдырып, мал кармап, сарай салып алган жашыл аймактын орду каралбай, иреттелбей, таштанды басып жаткандыктан, бак-дарактарды бутап, айланасын жашылдандырып, мал сарайды алып салып, жашоочулар үчүн эс алуу жайын куруу тапшырмасын берген.
🌳 Ага ылайык, иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп, аллеяга жаңы көчөттөрдү отургузуу менен бирге сугат системасы жана түнкү жарыктандыруу орнотулган. Айланасы тосулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар төшөлгөн.
🌳 Шаар мэри жаңы жашыл аймак жашоочулар үчүн үй-бүлөлүк сейилдөө жайы катары кызмат кылып, мындан ары да көрктөндүрүп, таштанды жайына айлантпай таза кармоого чакырды.

   

 

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео