ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Ош шаарынын мэриясы жаңы кызматтык унаалар менен толукталды

🔸 Бүгүн, 13-майда Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэринин орун басарларына демөөрчүлөр тарабынан алынган жаңы кызматтык унаалар тапшырылды.

🔸 Унаалардын ачкычын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, кызматкерлерди жаңы унаалуу болушу менен куттуктады.

🔸 Белгилей кетсек, Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү алты жаңы кызматтык унаалар мэрдин төрт орун басарына, аппарат жетекчисине жана Ош шаардык ички башкармалыгынынын башчысына берилди.

🔸 Ал эми мэриянын карамагында буга чейин колдонууда турган унаалар Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмү, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, маалыматтык камсыздоо бөлүмү, “Ош ТВ” телеканалы, “Ош шаардык жолдор”муниципалдык ишканасы, “Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросу” муниципалдык ишканасы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы ортосунда бөлүштүрүлдү.

#Ош_мэрия

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео