ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясында коллегиялык жыйын өттү

Бүгүн, 30-сентябрь күнү Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өтүп, күн тартибинде 3 маселе каралды.

Алар:

– Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө;

– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышынын абалы жөнүндө;

– Ош шаарынын жашоочуларынын арасында кан аркылуу жугуучу АИВ/КЖИС (ВИЧ/СПИД) , вирустук гепатиттерди алдын алуу максатында сулуулук салондорунда, косметологиялык жана тиш дарылоочу бөлмөлөрүндө санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин аткарылышы жөнүндө.

Жыйында күн тартибине киргизилген маселелер боюнча баяндамалар жасалып, жыйынтыгында тиешелүү токтом долбоорлору кабыл алынды.

Мэр Бакытбек Жетигенов тиешелүү жетекчилердин маалыматын угуп, жыйында кабыл алынган токтом долбоорлордун негизинде протоколдук тапшырмаларды берди.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео