✅Ош шаары Корея Республикасынын Пхентэк шаары менен кызматташат
Бүгүн, 25-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Корея Республикасынын Пхентэк шаарынын мэри Чон Чан Сон баштаган делегаттар менен жолугушту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова да катышты.
Жолугушууда эки шаар ортосундагы достук мамилелерди орнотуу ниети жөнүндө келишимге кол коюлду. Ага ылайык маданий, билим берүү, экономикалык жана туризм жаатындагы узак мөөнөттүү кызматташууга басым жасалат.