ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅Ош шаарындагы таштандыларды утилдештирүү боюнча заводдун мезгил кутуусу салынды.

🔶 Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, “Хунань Цзюньсинь Хуаньбао” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого жана шаар тургундары, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
🔶 Долбоорлу ишке ашырууда алгач 2023-жылы меморандумга кол коюлса, 2025-жылы 3-мартта долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлуп, бүгүн заводдун расмий курулушуна старт берилип, капсуласы салынды.
🔶 Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев “Бул долбоор келечекке кам көрүүгө жасалган кадам катары шаардык инфратүзүмдүн жаңылануусун, экологиялык коопсуздукка болгон камкордук”-экендигин айтты. Ошондой эле таштандыларды утилдештирүү менен алгачкы этабында таштандыларды иштетүүчү электр станциясы курулуп, күнүнө 850 (сегиз жүз элүү) тоннага чейин таштандыларды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ болуп, саатына 30 мегаватт электр энергиясын өндүрө аларын кошумчалады.
🔶Кийинки этаптарда жылуулук энергиясын өндүрүү дагы пландалып, кыш мезгилинде шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу, 300 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу каралган.
🔶Жыл сайын Ош шаарында орточо 200 000 (эки жүз миң) тонна таштанды чыгат. Буга чейин алар ачык полигондордо чогулуп, шаар атмосферасын булгап, терс таасирин тийгизип турса, эми заманбап технологиялар менен иштетилип, жаратылышка зыяны азаят. Жалпы инвестициянын суммасы болжол менен 95 000 000 (токсон беш миллион) АКШ долларын түзөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео