ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅Ош шаарынын көчөлөрүнө Абай Кунанбаевдин ысымын ыйгаруу боюнча коомдук талкуу

🔹Ош шаарындагы Волгоград жана К. Тимирязев көчөлөрүнө казак элинин улуу акыны, агартуучу, жазма адабиятынын негиз салуучусу, композитор Абай Кунанбаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси коомдук талкууга коюлду.
🔹Абай (1845–1904) — казак адабиятынын классиги, философ, композитор жана гуманист. Ал бала кезинде Семейдеги медреседе окуп, чыгыш жана орус классиктеринин чыгармалары менен таанышкан. Анын чыгармачылыгы үч багытта белгилүү: өзүнүн поэтикалык чыгармалары, котормолору жана кара сөздөрү.
🔹Абай Кунанбаев коомдук-саясий жана философиялык ой-пикирлери менен казак элинин билим, маданият жана адабий өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Ал ошондой эле таланттуу музыкант жана обончу болуп, биздин заманга 40ка жакын обону жетип, алардын 27си нотага түшүрүлгөн.
🔹 Кыргыз адабиятынын алгачкы өнүгүү мезгилинде Абай кыргыз акын-жазуучуларына байкаларлык таасир тийгизген. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгынын калыптануусуна кошкон салымы да чоң.
🔹Ош шаарынын көчөлөрүнө Абай Кунанбаевдин ысымын берүү – улуу акындын мурасына урмат көрсөтүү жана жаштарды билимге, маданиятка чакыруу болуп саналат. Бул кадам эки элдин ортосундагы боордоштук, достук мамилелерди так айгинелеп турат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео