🔹Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдырууда №8 (Горький) билим берүү мекемесине барып, абалы менен жеринде таанышты. Билим уясында окуучуларга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.
🔹Ошондой эле мэр мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды кыдырды. Билим берүү мекемесинин аймагына 5 турак-жай жана 3 коммерциялык обьект курулуп калган. Алар “Реми” рестораны, “Айгат” кафеси жана “Салам” мейманканасы.
🔹Шаар башчысы жеке менчикке өтүп кеткен социалдык обьектилердин жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Аны менен катар мектептеги парта, отургучтарды алмаштырууну жана башка кемчиликтерди жоюуну тапшырды.
________________


















