Эл аралык талаптарга жооп берген, таза жана тартиптүү аймак үчүн чоң кадам!
Ош шаарынын борбордук стадионунун кирүүчү бөлүгүндөгү жана каналдын жээгиндеги баш-аламан курулуштар Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен бузулуп алынып, айланасы заманбап талаптарга ылайык келтирилип, оңдоп-түзөлөт.
Буга чейин стадиондун кире бериш аймагы ар кандай курулуштар менен тосулуп, терс көрүнүштөрдү пайда кылып келген.
Эми бул аймак тазаланып, шаардыктар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана эстетикалык чөйрө түзөт.
Ошондой эле, эл аралык деңгээлдеги футболдук беттештерди өткөрүү үчүн, стадион тиешелүү талаптарга жооп бере турган абалга келтирилет.
Бул жаңылануу — спортту өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт.
Жаңы Ош — тартиптүү, заманбап жана жашоочуларга ыңгайлуу шаар!
Эскиз долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган.