ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Менчиктештирилип кеткен “Весна” кинотеатры

“Токтогул” эс алуу багындагы “Весна” жайкы кинотеатры Ош облусунун мамлекеттик мүлк фондусунун 1999-жылдагы алуу-сатуу келишиминин негизинде РИА «Азия Табак» жоопкерчилиги чектелген коомуна 180 000 сомго сатылып, анын негизинде 1999-жылы менчик укугу жөнүндөгү күбөлүгү берилген.
Андан кийин “Бакай-Банк” ААКнун Ош филиалына, бир катар жеке тараптарга сатып алуу келишиминин негизинде жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдагы жарлыгына ылайык, социалдык инфраструктуранын объекттери мамлекеттик жана менчикке өткөн ишканалардын балансында болсо, же менчиктештирүү процессинде пайдалануунун учурдагы тартибин сактоонун шарттарында аларга акысыз өткөрүлүп берилсе, алардын уставдык фонддогу мамлекеттик үлүштөрүнүн өлчөмдөрүнө карабастан сатууга болбойт деп көрсөтүлгөн.
Ага карабай социалдык инфраструктуранын объектиси болуп эсептелген «Весна» жайкы кинотеатры мыйзам бузуу менен жеке менчикке сатылып, менчиктештирилип кеткен.
Бул факты боюнча Финансы полициясы 2011-жылы кылмыш иш козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.
Ээси тарабынан 2015-жылы бул жагдайлар боюнча Ош облусунун прокуратурасы, Ош шаарынын мэриясы тарабынан кинотеатрдын жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча чечимдери менен келишимдерди жана бул объект боюнча жана кийинки бүтүмдөрдү жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыздар келтирилип, соттук териштирүү иштери ушул күнгө чейин уланып, улам жылдырылып, бүтпөй келүүдө.
Ал эми бул аралыкта кинотеатрдын айлана-тегереги каралбай, таштандыга толуп, пайдаланылбай урандыга айланып бара жатат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео