Ош шаарында эки деңгээлдүү жолдун жана өтмөктүн куруу иштеринин алкагында Ы.Монуев менен А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “МПА” жана “Red Petroleum” май куючу жайларды алып салуу иштери жүрүп жатат.
Аталган жайлардын ээлери Ош шаарынын мэриясынын сунушун кабыл алып, коомчулуктун дагы пикирин эске алуу менен бузуп алуу боюнча иштерди алып барууда.
Май куючу жайлар шаардын ортосунда, көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкандыктан, көп жылдан бери кооптулукту жаратып келген. Андыктан аталган жумуштар жарандардын коопсуздугу үчүн жүргүзүлүүдө.