ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кезектеги рейд Курманжан-Датка көчөсүндө улантылды

Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишине чейинки абалы менен таанышууну улантты.
Мында калаа башчысы шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Асранкулов көчөсүндөгү жолду кеңейтүү зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, Курманжан-Датка көчөсүндө жасалууга тийиш болгон бир катар тапшырмаларды берди:
– ирригациялык тармактарды толук оңдоп түзөө;
– жашыл аймактарды жаңылоо, оорууга чалдыккан жана эски бак-дарактарды алмаштыруу;
– мыйзамсыз курулуштарды, баш аламан соода түйүндөрүн, ошондой эле кызыл сызыктан өтүп кеткен тосмолорду жана курулуштарды алып салуу;
– тротуарларды ар кандай өзүм билемдик менен коюлган тосмолордон жана бордюрлардан тазалоо сыяктуу иштерди алып баруу.
Алдыда жалпы шаардагы көчөлөрдү оңдоп түзөө менен талапка ылайык келтирүү иштери улантылат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео