ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэрдин эл менен жолугушуусу уланууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында аталган аймактык башкармалыгынын башчысы 2024-жылы социалдык багытта, санариптештирүү, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү, кош каржылоо программасынын алкагында аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.
Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, жергиликтүү жашоочулар ичүүчү суу, жол, тротуарларды, балдар ойноочу аянтчаларды куруу, айрым мектептердин ичи-сыртын оңдоп-түзөө, коомдук транспорт, тазалык, жылуулук, газ, аймактын алыскы конуштарындагы маселелерге байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Жеңишбек Токторбаев ар бир жашоочунун айтылган жана кат жүзүндө берилген суроосуна жооп берип, сунуштарды эске алуу менен бирге маселелерди жеринен көрүп чыгаарын билдирди.
Ошондой эле, быйылкы жылы кичи райондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп ички жолдор менен тротуарлар оңдолоорун белгиледи.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине айтылган маселелерди чечүү боюнча талаптарын койду.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео