ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Элдик жыйын: Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын көйгөйлөрү айтылды

Алгач чогулган элге муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы 2024-жылы аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, алдыда аткарылуучу жумуштарды тизмектеди.
Суроо-жооп учурунда аймактын жашоочулары коомдук транспорт, эс алуу үчүн аймактарды уюштуруу, бала бакча, мектептин короосун оңдоо, жол тыгынын жоюу, ички жолдорду ачуу, асфальттоо, социалдык, коммуналдык, турак-жай маселелерине байланышкан көйгөйлөрүн айтышты.
Мэр Жеңишбек Токторбаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери жергиликтүү калк тарабынан берилген суроолорго жооп беришип, сунуштарын угушту.
Шаар башчысы жергиликтүү маанидеги маселелер менен жеринде таанышып чыгарын, чечүүгө мүмкүн болгон маселелерди тез арада карап чыгуу боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине протоколдук тапшырмаларды берди.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео