ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу!!! Гидравликалык сыноо жүргүзүлөт

Ош шаардык жылуулук электр борбору 24-марттан 28-мартка чейин магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарындагы суу түтүкчөлөрүнүн жана бекиткичтердин механикалык бекемдигин текшерип, бузулган жайларды аныктоо үчүн гидравликалык сыноо жүргүзүлөөрүн билдирет.

Жылуулук энергиясынан пайдаланган керектөөчүлөр 23 – март күнү саат 00:00 гө чейин жылытуу системасындагы түтүктөр туташкан жерлердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабуулары керек.

ГИДРАВЛИКАЛЫК СЫНОО 4 ЭТАПТА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ:
I – этап: (24 – мартынан 25- мартына чейин) Курманжан-Датка, Ленин, Г.Айтиев, Амир-Темур, Супаналиев, Алиев, Абдыкадыров көчөлөрү;
II – этап: (25- мартынан 26- мартына чейин) Масалиев, Ж. Раимбеков, Кара-Суу, Өзгөн, Ы.Монуев, Ашимахунов, А. Навои, А.Шакиров, Ош көчөлөрү боюнча (облустук аскер комиссариятынан Ош районуна чейин);
III – этап: (26- мартынан 27- мартына чейин ) М-3 Ø700мм Автотрестке чейин, У.Салиева, И.Раззаков, Ж.Касымбеков, Жим, Тынчтык (Мир), Жаңы-Чек көчөлөрү боюнча (Ош районунан жылуулук электр борборуна чейин)%;

IV – этап: (28- марты) Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) поликлиникасы, Медициналык факультет, «Ошэлектро» ААК, Ош райондук электр тармактары (Ош РЭС), юр.академия, «Барчын» профилактикалык санаториясы, «Мир семьи» поликлиникасы, М-2 Ø500мм.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Жукарган түтүктөрдөн жана батирлердеги радиаторлордон суу чыгып кетүү авариялык жагдайды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн күндөрдү эске алып, мүмкүн болушунча үйүӊүздөрдө калууну, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңиздерди көзөмөлсүз калтырбоону суранабыз.

Эскертүү: Авариялык учурларга Ош шаардык жылуулук электр борбору ишканасы жооп бербейт.
Байланыш телефондору:
📞 8-52-89;
📞 8-52-52;
📞 0556 085 252.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео