Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев адаттагыдай эрте мененки рейддик кыдырууга чыгып, А.Навои атындагы шаардык эс алуу багынын абалын көрдү.
Калаа башчысы аталган аймакты тазалоо менен бирге, бактын аймагын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
Атап айтканда, мэр О.Акимбаев көчөсүндөгү «Ферас» бассейнинен А.Навои багына чейинки аралыкта жүрүп жаткан жаңы эс алуу зонасынын курулуш иштери менен таанышып, жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелерди, соода түйүндөрдү мамлекеттин менчигине кайтаруу, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жыш өсүп, жөө жүргүнчүлөргө коркунуч туудурган бак-дарактарды, кароосуз калган өсүмдүктөрдү алып салуу, тазалоо жана башка ушул сыяктуу иштерди күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Андан тышкары, тиешелүү кызматтарга бак аймагындагы ижарачылардын Ак-Буура дарыясынан өтүүчү көпүрөнү курууга уруксат берүү боюнча кайрылуусун карап чыгуу тапшырмасын койду.