ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Таңкы рейд: Н.Исанов көчөсүндөгү жолдор талаптарга ылайык иреттелет

Бүгүн, 29-март күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте менен Н.Исанов көчөсүнүн Озгур айылына караган аймагын кыдырды.
Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бул жактагы кызыл сызыктан чыгып кеткен жана өз билемдик менен курулган чарбалык курулуштарды алып салуу, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерди бошотуп, жолдорду ачуу жана кеңейтүү, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу, ирригациялык жана суугат тармактарды орнотуу, жаңы жашыл аймактарды түзүү боюнча тапшырмаларды берди.
Шаар башчысы ошондой эле Озгур айылынын жашоочулары менен жолугушуп, алардын мындан 45 жыл мурун жабылган Н.Исанов көчөсүндөгү эски көрүстөндү жылдырып, анын ордуна спорт комплексин же башка социалдык объектти куруу, айылдагы эки көпүрөнү оңдоп берүү суранычтарын укту.
Мэр тиешелүү кызматтарга бул багытта тийиштүү иш алып барып, аны кийинчерээк коомдук максаттарда пайдалануу үчүн, рекультивация кылуу менен бирге эл суранган объектти куруп берүүнү тапшырды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео