КУЛАКТАНДЫРУУ!!!
Урматтуу Ош шаарынын тургундары, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз түрүндө берүү токтотулгандыгын эскертебиз!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 260-т тескемесине, Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 265 токтомуна ылайык Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле жарандарга маалыматтарды (маалымкаттарды, билдирүүлөрдү) кагаз жүзүндө берүүнү жүзөөгө ашыруучу мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан:
– 2025-жылдын 14-апрелинен тартып 50 жаш жана андан жогору курактагы жарандарга, жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде пайдалануу үчүн мындай маалыматтар талап кылынган учурларды кошпогондо, Ош шаары үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз түрүндө берүү токтотулгандыгын эскертебиз;
– 2025-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө (маалыматтык системалар даяр эмес болгон учурларды кошпогондо) “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (“Түндүк” ЭВӨС) аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди (алардын көчүрмөлөрүн), ошондой эле кагаз түрүндөгү маалыматтарды жеке жана юридикалык жактардан талап кылуу токтотулган;
– Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму (“Электрондук нотариат” МТ) тарабынан берилген кагаз түрүндөгү төмөнкү нотариалдык документтерди жеке жактардан талап кылууну токтоткон:
1) автотранспорт каражаттарын тескөөгө жана башкарууга ишеним кат;
2) паспортту даярдоого жана алууга ишеним кат;
3) жарандыкты алууга жана андан баш тартууга ишеним кат;
4) жашаган жери же турган жери боюнча каттоо эсебине макулдук берүү;
5) юридикалык жакты каттоого ишеним кат;
6) бажы органдарындагы өкүлчүлүккө ишеним кат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле жарандарга маалыматтарды (маалымкаттарды, билдирүүлөрдү) кагаз жүзүндө берүүнү жүзөөгө ашыруучу мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тийиштүү маалыматтарды алуу боюнча жарандарга жеринде консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүлүүдө, суроолор болсо төмөндөгү байланыш телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот:
1. Алымбек-Датка МАБы боюнча байланыш телефону (0703) 406 666;
2. Сулайман-Тоо МАБы боюнча байланыш телефону (0779) 172 106;
3. Керме-Тоо МАБы боюнча байланыш телефону (0553) 260 691;
4. Манас-Ата МАБы боюнча байланыш телефону (0552)110 187, (0552)888 894, (0556) 302 666;
5. Жибек-Жолу МАБы боюнча байланыш телефону (0771) 560 288;
6. Курманжан-Датка МАБы боюнча байланыш телефону (0551) 180 588;
7. Жапалак ААБы боюнча байланыш телефону (0553) 534 419;
8. Кызыл-Кыштак ААБы боюнча байланыш телефону (0556 816 601, (0509) 181 295, (0557 120 101);
9. Төлөйкөн ААБы боюнча байланыш телефону (0709) 017 878;
10. КР Президентинин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин маалымат алуучу байланыш телефону “119” колл-центри.