ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Шаар ичиндеги көрүстөндөрдү сыртка чыгаруу сунушталууда

Ош шаарынын аймагында жалпы аянты 200 гектарга барабар 49 көрүстөн бар. Ал эми алардын ичинен жабылып, сөөк коюлбай калган көрүстөндөрдүн саны 14тү түзөт. Учурда шаар аймагында 35 көрүстөн иштетилип жатат. Бул деген шаардын туш тарабы көрүстөндөр менен курчалып калгандыгын билдирет.
Жабылган көрүстөндөргө арты 30 жыл болсо, алды 40-50 жылдан ашкан беш мүрзө жай бар. Бул көрүстөндөр жабылгандан бери каралбай, тазаланбай калып кеткен жана санитардык абалы начар.
Буга байланыштуу шаар бийлиги мыйзам жана шарият эрежелерине ылайык жабылганына 30 жылдан ашкан беш көрүстөндүн ордун башка багытта колдонуу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жана дин аалымдарынын сунуш-пикирлерин алуу үчүн жыйын өткөрүп, маселени кеңири талкуулашты. Дин өкүлдөрүнүн жана расмий кызмат адамдарынын билдирүүсүнө ылайык, толуп, жабылган сөөк коюучу жайлардын ордун коомчулуктун пайдасы үчүн жашылдандырып, бак тигүүгө, мечит, медресе же музей курууга уруксат берилет.
Ошондой эле, учурда пайдаланылып жаткан шаар ичиндеги 35 сөөк коюучу жайдын орду толгон соң 25-30 жылдан кийин гана жылдырып же башка багытта иштетүүгө мүмкүн болору белгиленди. Ошондо, жабылган мүрзө жайларды 2055-2060-жылга барып гана мыйзамда жана шарият эрежелеринде көрсөтүлгөн багытта пайдаланса болот. Экинчи тарабынан шаар ичинде сөөк коюуда жай талашка чекит коюулат. Анткени шаар тургуну каза болгон учурда жергиликтүү жашоочулар сөөктү жайга коюуга тоскоолдук жаратып, келишпестиктер орун алып жатат.
Андыктан учурда Алымбек-Датка аймактык башкармалыгында жалпы аянты 13 гектардан ашуун болгон жаңы көрүстөндүн ордун чоңойтуу менен шаардын ар кайсы жериндеги пайдаланылып жаткан жайларды жабуу сунушу да берилди. Алдыда шаар чоңоюп, адам саны өсүп жатканын эске алуу менен бул сунушту карап чыгуу боюнча макулдашылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео