ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Шаар мэри салык кызматынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды ачыкка чыгаруу боюнча укук коргоо органдарынын, шаардык салык кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда кеңейтилген аппараттык кеңешме өткөрдү.
Жыйында шаар башчысы салык кызматкерлерине кайрылып, бир катар тапшырмаларды койду.
Алсак, шаар аймагында көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды ачыкка чыгаруу менен салык органдарына эсепке алуу.
Аны менен катар мүлк жана жер салыктарынын базаларын тактап, мүлк салыгын чогултуу, ири тойкана, ресторандардын, жеке медициналык борборлордун, курулуш компаниялардын, өндүрүш ишканалардын ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, канча жумушчу болсо, баары менен ачык эмгек келишимин түзүү менен киреше салыгын, социалдык төлөмдөрдү төлөө.
Ошондой эле, коомдук тамактануучу жайларга, соода түйүндөргө, эт сатуучу дүкөндөргө жана башка субъектилерге салыктык постторду уюштуруу тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео