ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын аппаратынын өкүлдөрү жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жарандар негизинен турак-жай, социалдык, материалдык жардам көрсөтүү, жер, жаңы муниципалдык базардан орун алуу маселелери менен кайрылышты.

Шаар башчысы ар бир жарандын кайрылуусуна толук жооп берип, суроо-талаптар боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмаларды берди.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
Ар аптанын шейшемби күнү жарандарды кабыл алуу болот. Кабыл алууга катышууну каалаган жаран арыз, кайрылууларын жазуу түрүндө (Аты-жөнүн, байланыш маалыматтарын, дарегин так көрсөтүү менен) Ош шаарынын мэриясынын документтер менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнө (коомдук кабылдама терезеси) кайрылып, каттоого алынып, кезекке туруусу абзел.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео