ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

70 жыл мурда курулган балдардын реабилитациялык борбору толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

🔶 Жарым кылымдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөй турган кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун жаңыланган имараты менен шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаар кеңеш төрагасы Болот Баетов, борбордун жамааты жана балдар алардын ата-энелери чогу көрүп чыгышты.
🔶Эки кабаттуу имараттын эскилиги жетип чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы дубалдары көчүрүлүп, жаңыдан акталып-сырдалды. Эшик-терезелери толугу менен алмаштырылып, полу жана шыптары жаңыртылды, коридорлоруна плитка төшөлдү.
🔶 Мындан сырткары, коляскадагы балдардын ыңгайы үчүн лифт курулду. Имараттын сырты жылууланып, сырдалды. Короосуна брусчатка жана асфальт төшөлүп, газон эгилди. Балдар үчүн бардык шарттары менен атайын ашкана курулду. Ошондой эле имараттын сырткы тосмосу курулуп, арка жана дарбаза орнотулду.
🔶 Ооруканага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тургундары кайрылышат. Борбор бир учурда 70 бейтапты кабыл алууга ылайыкташкан.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео