ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

700 катышуучунун катышуусунда массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин “Жаратман муун” демилгесинин алкагында массалык чуркоо иш-чарасы өттү.
Иш-чаранын ачылышына Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардан 500дөн ашуун студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы катышуучулардын саны 700 адамды түздү.
Салтанаттуу ачылыш аземинде белгиленгендей, бүгүнкү иш-чара жөн гана спорттук мелдеш эмес. Бул – жаш муундун сергек жашоого болгон умтулуусун, коомдогу биримдикти, ынтымакты жана өлкөбүздүн келечегине болгон жоопкерчиликти даңазалаган маанилүү демилге.
“Жаштардын интеллектуалдык, руханий жана физикалык жактан өнүгүүсүнө шарт түзүү – өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү багыттарынын бири. Анткени билимдүү, дени сак, мекенчил жана демилгелүү жаштар – мамлекетибиздин келечеги”, – деп белгиленди иш-чарада.
Массалык чуркоонун жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланды.

Окшош жаңылыктар

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

867226188_1463837745935118_2651488207085282909_n

Ош менен Франциянын ортосунда жаңы көпүрө: эки тараптуу кызматташтык кеңейүүдө

375.970

Ош: Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери уланууда

867616126_1463665229285703_6133499748336258456_n

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

866281233_1098994409680445_8445177470480105108_n

Ош шаарында 400 орундуу оорукана жана жаңы онкоборбор курулат

Видео