Туристтер интерактивдүү дисплейден Ош шаарындагы туристтик жайлар менен тааныша алат.
Каалоочулар бул жерден кофе же чай ичип, эс алышат. Аны менен бирге телефондорду, электр унааларын кубаттоо мүмкүнчүлүгү да бар. Мындан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык муктаждыктары үчүн бөлмөлөр каралган. “Rest Point” жыл бою иштейт. Алар жылуулук, ысык суу жана канализация менен камсыздалган.
Белгилей кетсек, мындай эс алуу пункттары КР Туризмди колдоо жана өнүктүрүү максатында өлкө боюнча жалпы 60 жерге куруу каралган.