Аукционго катышуучулар Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:
➡︎ Физикалык жактар үчүн – паспорт.
➡︎ Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана паспорт.
➡︎ Башталгыч баадан 10% өлчөмүндө кепилдик взнос жана коюлган лоттун башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер.
➡︎ Аукционго катышуу тууралуу бекитилген формадагы арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен.
Эскертүү: Башталгыч баасынын 0,5% өлчөмүндө комиссиондук жыйым кайтарылбайт.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ал же тигил обьектини (мүлктү) аукцион белгиленген күнгө үч күн калганда аукционду алып салууга укуктуу.
К͟ө͟ң͟ү͟л͟ ͟б͟у͟р͟у͟ң͟у͟з͟д͟а͟р͟!͟ Аукционго бардык юридикалык жана физикалык жактар, алардын ичинде аукцион өткөрүүгө 3 (үч) күн калганда аукционду катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алышат.
Аукционго катышууну каалагандар өздөрүнүн өкүлдөрү (ишеним кат) аркылуу аракеттенүүлөрү мүмкүн.
Маалымат алуу үчүн: (3222) 7-07-04.