ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

А. Масалиев көчөсүндө кызыл сызыка чыгып кеткен курулуштарды алып салуу иштери башталат

Бүгүн 27-январь күнү таң эрте Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте А. Масалиев көчөсүн кыдырып чыгышты. Мэр тиешелүү кызматтарга кызыл сызыктан өтүп кеткен коммерциялык жана башка багыттагы имараттардын мыйзамдуулугун карап чыгып, аларды баштапкы калыбына келтирүү, чыгып кеткендерди бузуп алып салуу боюнча ыкчам жумуштарды алып баруу тапшырмасын койду.
Ошондой эле көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо, көп жылдык жана ооруп кургап калган бак-дарактарды алмаштыруу, жашыл аймактарды көбөйтүү, жаңылоо зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев №6 Макаренко атындагы мектеп-гимназиясында болду. Бул жерде тиешелүү кызматтарга билим берүү мекемесинин сырткы ажатканасын заманбап шарттары менен оңдоп түзөө, түнкү жарыктандыруу системасын жаңылоо боюнча сунуш даярдоо талабын койду.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео