1. “8-сентябрь” .
А.Навои багындагы 660 чарчы метр жер тилкеси “8-сентябрь” фирмасына 5 жылга ижара шартында берилген. Жер тилке кийин жеке менчикке өтүп кетип, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан бул жер тилкеси каттоодо жоктугу аныкталып, муниципалдык менчикке кайтаруу үчүн топографиялык чиймелери даярдалган.
2. “Палван сарай”.
Ош облустук райондор аралык сотунун 2011-жылдын 24-августундагы чечими менен Палван сарай мушташ залы “Алыш-Азия федерация” коомдук бирикмесине 1838 чарчы метр жер тилкеси менчиктелип берилген. Чечимдин негизинде жеке менчик укуктары каттоо органында катталган жана мамлекеттик акты берилген.
3. №9 чайхана.
Ош шаарынын мэриясына, Жер ресурстары кызматынын Ош филиалына, КРнын экономика жана коммерция министирлигинин астындагы мамлекеттик мүлк башкаруу фондуна,үчүнчү жака карата берилген доо арыздын мөөнөтү алыбына келтирилген.
4. Навои паркындагы “Балмуздак” павильону. Жалпы аянты 115 чарчы метрди түзгөн жер тилке 2009-жылдын 3-июнундагы Ош облустук райондор аралык сотунун чечими менен Абдулмажидова Хабибохон мураскор деп таанылган, чечимдин негизинде мамлекеттик акты берилген. Аталган чечимге карата Ош облустук админстративдик иштери боюнча коллегиясына даттануу берилип жана доо арыз берүү үчүн доо берүү мөөнөтү калыбына келтирүүнү суранган. Даттануу канааттандырылып, 2024-жылдын 15-апрелиндеги коллегиянын аныктамасы менен доо берүү мөөнөтү калыбына келтирилген.
5. “Нооруз” чайханасы
Ош шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 17-сентябрындагы “Эски чайхананы бузуп, жаны чайхана курууга уруксат” токтомуна карата доо арызы келтирилген. Соттун чечими менен арыз канааттандыруусуз калтырылган. Анткени, токтомдо жер тилке жөнүндө көрөстүлбөгөн, ММБнын укугу бузулбаган деп чечимди негиздеген.
6. ”Гули” видеосалону. Бүгүнкү күнү 2 кабаттуу мейманкана
Ош облустук административдик сотунун чечими менен муниципвлдык менчик башкармалыктын доо берүү мөөнөтүн калыбына келтирип берүүнү сураган арызы канааттандырылган жана Ош шаарынын мэриясынын №240 токтому жараксыз деп табылган. Чечим мыйзамдуу күчүнө кирген.
7. 925 чарчы метрдин түзгөн, муниципалдык менчикке алынган жер тилке.
Евгений Юлдашевке соода түйүнүн курууга 1995-жылдын 25-августунда Ош шаардык мамлекеттик администрациясы тарабынан №402 сандуу токтому менен уруксат берилген, бирок аталган жер тилке каттоодо жок болгондуктан, жер тилкеси Ош шаарынын мэриясынын токтому менен мөөнөтсүз убакытка пайдаланууга муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүлүп алынды.
8. 5166 чарчы метрди түзгөн жер тилке.
Ош шаарынын мэриясынын №254 токтомуна карата 166,0 ч.м. жер тилкесине Бегалиев Гуламидинге соода комплексин курууга уруксат берилгендигине карата жана №728 токтому менен 216,0 ч.м. жер тилкесин жеке менчикке түз сатуу жолу менен бекитилип берилсин деген токтомго карата администраивдик доо арыз берилген. Учурда Ош шаардык прокуратурасына маалым кат жолдонгон.
9. 450 чарчы метрди түзгөн “Палван” жер тилкеси.
Ош облустук административдик сотунун 2024-жылдын 10-июнундагы аныктамаасы менен ММБнын доо берүү мөөнөтүн калыбына келтирип берүү арызы жарым-жартылай канааттандырылган. Ош шаарынын мэриясынын №793 токтомуна карата доо коюу мөөнөтү калыбына келтирилген. Доо канааттандырылган. Аталган аныктамага карата апелляциялык даттануу келтирилген.
10. №17 фотосалонго берилген, 144 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси. Ош шаардык мамлекеттик №437 токтому менен 144 ч.м. жер тилке №17 фотосалонго бекитилип берилгенгенине карата Ош обл.адм. сотуна доо берилген. 2024-жылдын 29-апрелиндеги аныктамасы менен доо коюу мөөнөтү калыбына келтирилген. Ош обл.адм. соттук колегиясынын 2024-жылдын 7-июнундагы аныктамасы менен менчик ээси Ч.Тургунбаеванын апелляциясы канааттандыруусуз калтырылган. Токтом жараксыз деп табылган, чечимди чечим күчүнө киргенден кийин, жерди муниципалдык менчикке алуу иш-чарасы көрүлөт.
11. Ош шаарынын мэриясынын №65, №568, №748, №1319 токтомдорун жараксыз деп таап берүүнү сураган доо арыз келтирилген. Ош обл. адм. сотунун 2024-жылдын 22-майындагы аныктамасы менен башкармалыктын доо берүү мөөнөтү калыбына келтирүү арыз канааттандыруусуз калтырылган. Апелляциялык даттануунун негизинде, биринчи инстанциянын аныктамасы жокко чыгарылган, доо коюу мөөнөтүн сураган арыз канаатандырылган. Соттук кароо иштери жүрүп жатат.
12. Ош шаардык сотуна “Ширин” ЖЧКсы А. Навои паркындагы 100 ч.м. жер тилкесин жеке менчике бекитип берүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Ош шаардык сотунун 2009-жылдын 17-июлундагы чечими менен арызы канааттандырылган. Ош шаарынын мэриясы 2024-жылы чечим тууралуу билип, Ош облусунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясыга апелляциялык даттануу менен кайрылып, канааттандырылган. Бүгүнкү күндө 100 ч.м. муниципалдык менчикке кайтарылган.