🔸 Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясынын нугун буруп, мыйзамсыз курулуп калган объекттер, анын ичинде “Мөл-Булак” эс алуу жайын бузуу иштери жүргүзүлүп жатат.
🔸 Буга чейин тиешелүү кызматтар тарабынан суу коругуна курулуп калган курулуштардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тийиштүү архитектуралык уруксат кагаздары жок экени аныкталган.
🔸 Аталган жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү билдирүүлөр берилген.
🔸 Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 24-декабрда аталган объекттерди жеринде көрүп чыгып, дарыянын нугун калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды буздуруу боюнча тапшырмаларды берген.