Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясынын сол жээгине нугун буруп, мыйзамсыз курулган “Мөл булак” эс алуу жайына барды.
Суу коругуна курулуп калган аталган жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жана курууга тийиштүү архитектуралык уруксат кагаздары жок экени аныкталган. Буга чейин, эс алуу жайдын ээси жерди көрктөндүрүү үчүн алган.
Жайында сел түшкөн чакта бул жердин бетон дубалдарына урунуп, “Ош шаар суу каналынын” түтүктөрүн алып кетүүгө, турак-жайларга кирүүгө коркунуч жараткан.
Мэр тиешелүү кызматтарга тез аранын ичинде дарыянын нугун калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулушту буздуруу боюнча тапшырмаларды берди.